Жолдошу анын тайпалашы. Элмирбек Иманалиевдин кызы турмушка чыкты

Айтылуу төкмө акын Элмирбек Иманалиев жана ырчы Гүлбү Орозкул кызынын экинчи кызы Сезим Иманалиева турмушка чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Элмирбек Иманалиевдин күйөө баласы Мирзат Муканов билдирди.

"8-август күнү Бишкектеги тойканалардын биринде чакан той менен Сезимди турмуш жолуна узаттык. Ал эми той өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу саналуу жана эң жакын деген адамдардын гана курчоосунда өттү", - деп билдирди кубанычтуу жаңылык тууралуу Муканов.

Ал эми Сезим Иманалиева турмушка чыккан жолдошу анын бирге окуган тайпалашы. Ал Ош облусунун Өзгөн районунан болот. Жаш жубайлар ырчы Сыймык Бейшекеевди өкүл ата коюшкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
meku89
2020-08-11 15:36:57
Бактылуу болсун!!!
+14
muras111211
2020-08-11 15:38:54
Түбөлүккө кол кармашып бактылуу өмүр сурушсун.
+14
nunu77
2020-08-11 15:49:36
Бактылуу болгула.
+11
Raihan0602
2020-08-11 15:50:36
Бактылуу бол кызым кармашкан колуңар түбөлүктүү болсун
+12
faraon312
2020-08-11 17:24:13
Бактылуу болсун Сезим! Жолдошу өксүгүн толуктаган, кемтигин билдирбеген адам болсун!
+13
i1urp
2020-08-11 18:44:29
Бактылуу бол. Абдан келбетуу айым экенсин.
+6
Bakbai
2020-08-11 18:44:54
Бактылуу болушсун алтындарым .Жакшы атанын кызы
+8
al-abu-kinesz
2020-08-11 21:19:58
Бактылуу бол ылайым, элдин уулунун кызы!
+6
Pikir-add
2020-08-12 02:45:35
Жараткан өзү ар бир кадамыңарды берекелүү кылсын!!!
Бактылуу өмүр сүргүлө!!!
+1
Perfekt
2020-08-12 14:18:18
Аябай сулуу кыз, бактылуу бол!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан