Жалал-Абад. Өспүрүмдөр катышкан 4 кылмыштын бети ачылды

Жалал-Абадда 10-сентябрдан 13-сентябрга чейин "Мектепке тартуу" аттуу рейд жүрдү. Жыйынтыгында Сузак районуна караштуу Таш-Булак айылынын мектеп окуучулары түшкө чейин мектепке барып, андан соң базарда араба түртүп иштеше турганы белгилүү болду. Бул тууралуу облустагы жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын башчысы Нургазы Ботоканов билдирди. "Араба түртүп иштеген 12 бала жана 9 селсаяк өспүрүм кармалды. Андан сырткары өспүрүмдөр катышкан 4 кылмыштын бети ачылды",- дейт ал. Кылмыштар боюнча териштирүү жүрүп жатканы айтылды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан