Футболчу Гүлжигит Алыкулов УЕФАнын мелдешинде ойнойт

Кыргыз өлкөсүнүн мыкты футболчусу Гүлжигит Алыкулов Казакстандын "Кайрат Алматы" командасынын курамында УЕФАнын Европа Лигасы мелдешинде Армениянын "Ноа" клубу менен ойнойт. Бул тууралуу Казакстандын курама командасынын расмий сайты жазды.

Командалар УЕФАнын Европа 2020-2021-жылдагы Лигасы мелдешинин квалификациялык баскычынын алкагында кез келет. Беттеш көрүүчүлөрсүз өтөт.

Оюн 27-августка белгиленип, өтүүчү орду азырынча аныктала элек.

Эскерте кетсек "Дордой" клубунун футболчусу Гүлжигит Алыкулов ушул жылдын башында эки жылдык келишим менен Казакстандын "Кайрат" клубуна өткөн. Буга чейин футболчу Беларусь өлкөсүнүн "Неман" клубунда ойногон. Ал өткөн жылы Кыргыз өлкөсүнүн "Мыкты футболчусу" наамына ээ болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nurbek11
2020-08-12 10:48:21
Иним сага Европа на ойноого шанс келип жатат. Ойно озунун мыктылыгынды корсот.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан