Мындан эки ай мурун тамада жана социалдык өнүктүрүү министринин кеңешчиси Эрнест Бөрүбаев ДЦП менен ооруган эгиз балдар тууралуу видео тартып чыгарган. Анда тамада балдардын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгенине байланыштуу аларга жардам керек экенин айткан.
Ал эми кечээ, 11-августта Эрнест Бөрүбаев кубанычтуу кабар менен бөлүштү. Ал ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын үйлүү болгонуна сүйүнүп жатканын айтып, төмөнкүлөрдү билдирген.
"Мен эң биринчи бул үй-бүлөгө жардам бергени барганымда жамгыр жаап жаткан эле. Үйдүн ичинен бир аз суу тамчылап жаткан болчу. Алар кичинекей бир бөлмөдө жашап жаткан. Балдар тууралуу видео тартып чыгарганда эле мусулман бир туугандар жардам колун сунуп, мага көп адам чалып, балдардын дарегин сурап жатышты. Бир күнү балдардын үйүнө барсам, башына ак калпак кийген, бир аз сүннөт сакал койгон жигиттер кезек күтүп турушуптур.
Ал жигиттер менен учурашып, келген жайын сурасам, алар "Аллахты жакшы көрөм деген бир тууганыбызды колдоого келдик" дешти. Аллах ыраазы болсун ошол жигиттерге. Ошентип орозо ичи жардам бергендер аябай көп болду. Азыркы күндө алар чогулган каражатка үй сатып алып, сүйүнүп жашап жаткан кези. Эмне дейбиз, ак жолтой үй болсун, жардам берген бир туугандарга Аллах ыраазы болсун!", - деп билдирген Бөрүбаев.