"Apple Daily" гезитинин кожоюну Жимми Лай камактан 32 миң евро менен бошотулду

Оппозициялык бизнесмен жана басмаканачы, Гонконгдогу нааразычылык кыймылынын уюштуруучуларынын бири Жимми Лай камактан 32 миң евро берип, бошотулду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Лай полиция бөлүмүнөн чыкканда, аны Гонконг демократия кыймылынын жүздөгөн жактоочулары тосуп алышкан. Ушундай эле шартта дагы бир катар активисттер күрөө төлөп бошотулган.

Эске салсак, "Жимми Лай жана 39 жаштан 72 жашка чейинки дагы жети киши 10-августта Гонконгдо полициянын бирдиктүү операциясы учурунда коопсуздуктун жаңы мыйзамын бузду жана чет өлкөлүк бийлик менен тымызын тил бириктирип, жалган сүйлөшүүлөрдү өткөргөн" деп айыпталууда. Кармалгандардын ичинде Лайдын эки уулу жана ал жетектеген "Next Digital" корпорациясынын эки топ-менеджери бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан