Москва шаарында Беларустагы митингди колдогон акция өттү

Кечээ, 11-августта Беларустун Москва шаарындагы элчилигинин астында эки жүзгө жакын адамдын катышуусу менен нааразычылык акциясы болуп өттү. Алар Беларустагы митингге чыккандарды жана Светлана Тихановскаяны колдоп, шайлоонун жыйынтыгын кайра карап чыгууну талап кылышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Аталган митингдин катышуучулары Беларуста кармалган орусиялык журналисттерди, ошондой эле "Ачык Орусиянын" координаторлору Артем Важенков менен Игорь Роговду жана политтехнолог Виталий Шкляровду бошотууну талап кылышкан.

Беларустагы нааразычылык акциялары өлкөдө президенттик шайлоодон кийин башталган. Коопсуздук күчтөрү митигге чыккандарды күч колдонуп таркаткан. Ошондой эле 5 миңге жакын адам кармалып, бир активист каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан