Кара-Көл шаарында өзгөчө оор кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 10-август күнү саат 09:30 чамасында Кара-Көл шаардык ооруканасынан 102 кызматына Кара-Көл шаарынын тургуну өзүнүн үйүндө жатып каза болгондугу тууралуу маалымат берилген.
Бул боюнча Кара-Көл ШИИБинин ыкчам тобу окуя болгон жерге барып, тиешелүү иш-чараларды жүргүзгөндө төмөнкүлөр аныкталган.
Кара-Көл шаарынын 1954-жылы туулган тургуну Т.Ю.нун жансыз денеси үйүндөгү тапчандан табылган. Анда ал киши колдуу болуп каза болгону аныкталган. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "киши өлтүрүү" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Милиция тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында шектүү катары Кара-Көл шаарынын тургуну 1976-жылы туулган Д.Ж. аттуу жаран кармалган. Алдын ала маалыматтар боюнча маркум менен шектүү ичимдик ичип отурушуп, сөз талаша кетип, ортодо чыккан чыр-чатактан улам шектүү маркумду уруп тепкилеп, андан соң кетип калган.
Учурда кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.