"Ак Шумкарлар" быйыл оюн өткөрүшпөйт

Футбол боюнча 2022-жылы өтө турган дүйнө чемпиондугуна жана 2023-жылы өтө турган Азия чемпиондугуна тандап алуудагы Кыргыз улуттук курамасынын катышуусундагы бардык оюндар коронавирус пандемиясынан улам 2021-жылга жылдырылды. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунан билдиришти.

"ФИФА жана АФК катышуучулардын ден соолугун жана коопсуздугун сактоо максатында аймактардагы абалды көзөмөлгө алып, жаңы даталарды белгилөө үчүн биргелешкен ишмердүүлүгүн улантат. 2022-жылы өтө турган дүйнө чемпиондугунун жана 2023-жылы өтө турган Азия Кубогунун тандап алуу оюндарынын жаңы даталары боюнча кененирээк маалымат жакынкы мезгилде жарыяыланат", - деп билдиришти Кыргыз футболдук союзунан.

Азия чөлкөмүндө Кыргыз өлкөсү Япония, Мьянма жана Монголия өлкөлөрү менен F тайпасында жайгашкан. Башкы машыктыруучу Александр Крестининдин командасы 3 оюн, тагыраагы Мьянма жана Япония курамалары менен конокто, Монголия менен үйдө ойнойт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан