Орусияда Кыргыз жарандары жол кырысыгына кабылып, эки адам каза болду

Орусиянын Хакасия Республикасында 5 Кыргыз жараны жол кырсыгына кабылып, экөө каза болду. Бул тууралуу аталган республиканын басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Хакасия Республикасындагы көлдөрдүн бирине эс алууга Красноярск аймагынан 5 Кыргыз жараны келишкен. Эс алууга келген Nissan Sunny автоунаасынын 24 жаштагы айдоочусу катуу ылдамдыкта баратып бурулуштан рулду башкара албай, унаа бир нече ирет ала салып кеткен.

Натыйжада арткы орундуктагы эки жүргүнчү каза болгон. Алардын ким экендиги такталууда. Айдоочу ошондой эле 1996-жылы жана 2000-жылы туулган жигиттерге медициналык жардам көрсөтүлгөн. Алар ооруканага жаткырылган эмес.

Бул иш боюнча Орусиянын кылмыш жана жаза кодексинин 264-беренесине ылайык "жол эрежелерин бузуу жана эки же андан ашык адамдын өлүмүнө алып келген транспорт каражаттарын пайдалануу" негизинде кылмыш иши козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Krai
2020-08-12 18:59:50
Кандай гана өкүнүчтүү жап жаш жигиттер эртең ошол еки жигитти жана Красноярск шаарында дагы бир кыргыз жараны каза болгон экен ошол 3 трупту Кыргызстанга алып кетип атам.
+4
souza.j
2020-08-13 15:51:41
Krai,сооп иш экен. Аллах ыраазы болсун.
0
Jaka78
2020-08-12 19:00:46
өтө өкүнүчтүү, Аллахым өзү бейишинен берсин
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан