Казакстанда базар өрттөнүп, кыргызстандыктар жабыр тартты

Казакстандагы базарда өрт чыгып, кыргызстандыктар жабыр тартканын “Замандаш” ассоциациясынын басма сөз кызматы билдирди. Кырсык 13-сентябрда саат 13:55те Алматы шаарындагы “Аян” жана “Олжо” базарларында болду. Өрттүн кесепетинен болжол менен 10-15  кыргызстандык жарандын товарлары толугу менен күйүп кеткен. Ал эми 2 кыргыз ооруканага кайрылышты. “Келтирилген чыгымдар учурда такталууда. Өрттүн кесепетинен “Аян” базары толугу менен күйүп кетти, ал эми “Олжо” базарынын 50 пайызы өрттөндү. Ошондой эле “Керемет” базарында 50 контейнер күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуу себептери такталууда”,- деп жазылган билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
T.Shaiyrbek
2013-09-16 12:10:33
Супер сиздерден сураныч Казахстандын кайсы шаарында экен толук жазыныздарчы?
0
admin_superstan
2013-09-16 12:19:07
T.Shaiyrbek, Саламатсызбы!
Кабар толукталды. Кырсык Алматы шаарында болгон.
0
rozka
2013-09-16 13:31:31
Былтыр жамбылда дагы куйгон го эми алма атада дагы куйуптур атайы жасалган иш эмеспи. Карапайым эле адамдар ортодо кыйналышты да
0
dj9694
2013-09-16 14:11:24
бир убакытта 3 базардан орт чыкса атайын жасалган
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан