Премьер-министр лизингге техника берүүнү камсыз кылуу программасы боюнча айтып берди

Премьер-министр Кубатбек Боронов Чүй облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Ысык-Ата районундагы фермердик чарбанын иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20 гектар жери бар чарбада 12 киши иштейт. Бул жерде асыл тукум жылкы, ири мүйүздүү мал, кой жана чочко багылат. Жалпысынан миңден ашык ири мүйүздүү мал жана майда жандык бар.

Премьер-министр комплекстин инфраструктурасын көрүп чыгып, агроөнөржай комплексинде өндүрүштү көбөйтүү маанилүү экендигин белгиледи.

"Чүй облусу дыйканчылык кылуу жана мал багуу боюнча эң жакшы өнүккөн аймак болуп саналат. Айрым айыл чарба өсүмдүктөрүнүн кластерлерин өнүктүрүү жана адистештирүү региондордун өнүгүшүнө реалдуу дем бериши керек", - деди өкмөт башчы.

Жумушчу сапардын алкагында Кубатбек Боронов фермерлер менен жолугуп, анда айыл чарба техникаларын лизингге берүү жана жеңилдетилген насыя аркылуу финансылык колдоо маселелери талкууланды.

Премьер-министр жеңилдетилген насыя жана дыйкандарды мамлекеттик жана коммерциялык банктар аркылуу лизингге техника берүүнү камсыз кылуу программасы боюнча кенен түшүндүрмө берди.

Ошондой эле премьер-министр Ивановка айылындагы фермердик чарбасына барды. Анда 25 гектар суулуу жерге пияз отургузулган.

Дыйкандар тамчылатып сугаруу ыкмасы менен ар бир гектар жерден 100 тоннадан пияз алышат.

Фермердик чарбанын иши менен таанышкан өкмөт башчы айыл чарбасынын келечеги тамчылатып сугаруунун алдыңкы технологияларын иштеп чыгууга байланыштуу экендигин белгиледи.

Муну менен катар ал өкмөт продукциясын экспортко чыгарган фермерлерди мындан ары да ар тараптуу колдоого аларын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Akoga
2020-08-12 18:52:17
Кайдагыны айтасыңар. Лизинг алалы десек комерциялык банктан айырмасы жок, залогун 100%сурайт экен.өтө катаал докүментери.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан