"Коё бер мени кайгы" аталышындагы чыгарманы өзгөчө үнү менен ырдап калың элге таанылган Каныкей эми жаңы образда. Ал чыгармачылыкка аралашкандан тарта бир катар образдарда өзүн сынап көргөн. Элдин сынынан коркпогон, тайманбас ырчынын стили дайыма талкуу жаратып келет. Ал эми бул жолкусунда анын жаңы образы мактоо сөздөргө татыды.
Жаңы образы тууралуу Каныкей социалдык тармактагы баракчасына буларга токтолду:
"Эми кеп чач жөнүндө болсун. Баштан эмнелер гана өткөн жок. Кичинекей кезимде чачымдын табияттан тармал жана ачык түстө болгонуна анчейин деле көңүл бурчу эмесмин. Кийин чыгармачылыкта продюсерим чачыма, келбетиме кандай гана эксперимент кылган жок. Мага да абдан кызык болуп, бир топ жакшы түшүмдүү иштедик. Андан соң балалуу болгон этапта абдан кыйналдым. Дегеним, чач түшөт экен кайра өсөт экен, төрөттөн кийин дене түзүлүшүң да өзгөрүлөт тура. Кээ бири арыктаса, кээ бири толот дегендей, айтор мен да толдум. Азыр кайра калыбыма келе баштадым" – деген билдирүүсүн калтырган.