Ош шаарында дарыга ууланып каза болду делген кыз боюнча иш козголду. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 11-август күнү эртең мененки саат 07:30 чамасында Ош облустук ооруканага дары ичип эсин жоготту делген кыз оор абалда келип түшкөн. Ошол эле күнү кечке маал ал каза болуп калган.
"Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Кызга соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда кыз эмнеден улам каза болгону аныктала элек. Кызды ооруканага жигити делген жаран алып келген. Ал жаран учурда жугуштуу илдет менен ооруп жаткандыгына байланыштуу аны күбө катары суракка алалбай жатабыз. Тергөөнүн жүрүшүндө коюлган берене өзгөрүшү мүмкүн", - деди басма сөз кызматынан.