Акыркы мүнөттөрдө колдон чыккан жеңиш. Чемпиондор Лигасынын алгачкы жарым финалчысы аныкталды

Бүгүн, 13-август күнү түндө Чемпиондор Лигасынын чейрек финалынын алгачкы оюну өттү.

Чейрек финалдык оюнда Италиянын "Аталанта" клубу менен Франциянын "ПСЖ" командалары кез келди. Оюн кызыктуу болуп, эки команда тең бири-бирине бирдей чабуул уюштуруп жатышты. Оюндун биринчи бөлүгүндө "Аталанта" командасы каршылашынын дарбазасына бир топ кооптуу соккуларды жасап, 1 гол киргизишти.

Оюндун экинчи бөлүгү бирдей ыргакта башталып, эки команда тең ылдам каршы чабуулга чыгып жатышты. Оюндун негизги убактысы бүтөөрүнө аз убакыт калганда "ПСЖ" командасы керектүү делген 1 голду киргизип кетишти. Көп убакыт өтпөй эле франциялык команда чечүүчү голду киргизип, турнирдин жарым финалына жолдомо алса, "Аталанта" командасы турнирдеги жүрүшүн токтотту.

"Аталанта" - "ПСЖ" (1:2).

Голдор: Марио Пашалич (27-мүнөттө), Маркиньос (90-мүнөттө), Эрик Шупо-Мотинг (90-мүнөттө).

Беттештин мыкты оюнчусу болуп "ПСЖ" клубунун чабуулчусу бразилиялык Неймар табылды.

"Аталанта" - ПСЖ". Чемпиондор Лигасы чейрек финал
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан