Минск шаарында тартип сакчылары балкондогу адамдарга ок чыгарды

Беларусь өлкөсүнүн Минск шаарында тартип сакчылары балкондогу адамдарга ок чыгарды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, полиция кызматкерлери нааразычылык акциясына чыккандарга көздөн жаш агызуучу гранаталарды колдонушкан. Акцияга чыккандар кача баштаганда жакынкы имараттардын балкондорунан адамдар чыгып, акцияга чыккандарга жашынууга кеңеш берип, кыйкырышкан. Мындан улам тартип сакчылары аларга бир нече ирет ок чыгарган.

Белгилей кетсек 9-августта өткөн шайлоодо Беларусь өлкөсүнүн учурдагы президенти Александр Лукашенко шайлоонун жыйынтыгы боюнча 80,23 пайыз добушка ээ болуп, алдыга озуп чыккан.

Азыркы тапта аталган өлкөдө абал тынчыбай, үч күндөн бери толкундоолор токтой элек. Полиция кызматы митингге чыккандарды таратуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ менен кулак тундуруучу гранаталарды колдонууда. Акыркы маалыматтар боюнча кагылышуудан 2 адам каза болду.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан