Лукашенко Даниил Урицкийге Данияр деп кайрылып, беларустарды кыргыздарга салыштырды (видео)

Беларустун "Улуттук биотехнология корпорациясы" ишканасына болгон иш сапары учурунда Беларусь президенти Александр Лукашенко ишкананын директору Даниил Урицкийге Данияр деп кайрылды. Лукашенко ага сүйлөп жатып, беларустар да кыргыздардай эмгекчил экенин айткан. Бул учурду чагылдырган видео интернет беттерине тарап, маалымат булактары видеону тынымсыз көрсөтүп жатат.

"Бул жерде бир гана саясат болушу керек, Данияр. Сиздин принципиалдуу жана чынчыл адам экениңизди көрүп турам, беларустарды таарынтпайсыз деп ишенем. Анткени беларустар эмгекчилдик жагынан кыргыздарга абдан окшош", - деген Лукашенко.

Кыргыз бийлиги Даниил Урицкийди мурунку премьер-министр Данияр Үсөнов экендигин, 2010-жылы бийлик алмашкандан кийин өлкөдөн чыгып кеткендигин бир нече жолу билдирген. Кыргыз өлкөсүндө ага оор кылмыштар боюнча айып тагылып, сыртынан өмүр бою түрмөгө кесилген. Азыркы тапта Кыргыз өлкөсүнүн мурдагы президенти Курманбек Бакиев дагы Беларусь өлкөсүндө жашайт, анын тушунда Үсөнов өкмөттү жетектеген.

Бишкек Минскиге нааразычылык нотасын жөнөтүп, ага жооп берүүсүн талап кылган. Бирок Минск Бишкектин кайрылуусун жоопсуз калтырып келет. 11-августта Беларустун элчилигинин өкүлү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине чакырылган, жолугушууда кыргыз тарап Беларуста мамлекет аралык издөөдө жүргөн Данияр Үсөнов боюнча түшүндүрмө берүүсүн талап кылган.

Данияр Үсөнов Даниил Урицкий деген ысым менен Беларуста жашайт деген маалымат жергиликтүү маалымат булактарына биринчи жолу 2017-жылдын декабрь айында чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
gute
2020-08-13 11:22:38
Саткындар !!!
+2
modem4999
2020-08-13 11:22:47
Кыргыз деген создон айланып кетсин Урицкий акмак саткын
+2
take.kg86
2020-08-13 11:25:39
Биздин бийликтин колунан коко тикен келбейт. Эгер келгенде давно алып келип камайт болчу баарын
0
gute
2020-08-13 11:35:09
"Обижать белорусов нельзя" дейт Лукашенко. Уже намёк берип жатат Усеновго. Эгер Кыргыздарды алдагандай алдаса Лукашенко буларды аттырып эле салат
+16
historic
2020-08-13 11:50:45
я вижу ты человек честный...)))) жарды го
0
AdylbekB84
2020-08-13 13:59:54
Ушул сөз керек беле эми, жер жарылса кирип кетпедим деп башын чайкап отургандыр Данияр аке. Намёктун чёткийин бериптир бирок!
0
Belek1710
2020-08-13 15:01:36
Данияр, кыргыз экенин далилдеп эле коюптур го.
0
modem4999
2020-08-13 17:50:36
Честный киши олуп калгам деп анан тируу журо береби ия?Лукашенко?
0
Mambetali
2020-08-13 20:47:52
тооба кылдым... элин сатып жерин сатып озун дагы сатып бирөөнүн элинде өзүнүн атасынын атын саткан адам экен намыстын "Н" тамгасы жокго бул кишиде...
+1
toktor89
2020-08-13 23:54:26
Арам харам
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан