Өзбекстанда мектептер электрондук журналдарга жана күндөлүккө өтөт

Жаңы окуу жылында Өзбекстандын бардык мектептеринде күндөлүк менен класстык журнал жоюлат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Анын ордуна алар Kundalik.com деп аталган электрондук платформаны колдонушат. "Бир жагынан мугалимдердин кагазга байланыштуу иштери азаят. Экинчи жагынан ата-эне менен мектептин байланышын жакшыртат. Алар бир гана смартфондун жардамы менен балдарынын жетишкендиктерин, бааларын көзөмөлдөп турушат", - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле аталган жаңы систем үй тапшырма жана башка маселелер боюнча мессенжерлер аркылуу ата-энелер тайпаларын түзүү зарылдыгын жокко чыгарат.

Өзбекстандын Билим берүү министрлиги электрондук күндөлүккө кошулуу бир күндөлүктүн баасына барабар экенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Munir81
2020-08-13 15:22:13
Oppoo
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан