Бишкек шаарында үй ээсин сабап, унаасын айдап качкан жарандар кармалышты

Бишкек шаарында унаанын ээлерин сабап, коркутуп, унаасын айдап качкан жарандар кармалышты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 20 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну үйүнө кирип, жолдошун сабап, бычак менен коркутуп, Опель Вектра үлгүсүндөгү унааны айдап кеткен жаранга карата чара колдонуу арызы менен милиция кызматкерлерине кайрылган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, изи сууй электе кылмышка шектелип 39 жаштагы Нурдин М. жана 24 жаштагы Жаркынбек М. кармалган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан