UFC уюмунун жеңил салмактагы убактылуу чемпиону, америкалык мушкер Жастин Гэтжи орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовду кантип жеңсе болорун айтты. Бул тууралуу мушкер MMA Fighting басылмасына билдирген.
"Биз бул беттештен кийин кезикпейбиз. Ошондуктан менин бул беттештеги жалгыз максатым мүмкүн болушунча көп кырсык жаратуу. Денелерибиз, башыбыз, муштумубуз кагылышышы керек. Менин муштумум анын башына же анын муштуму менин башымабы мааниси жок. Мүмкүн болушунча көп сокку узатып, кырсыктарды көбүрөөк мен жаратышым керек. Бул жигитти жеңүүнүн бирден бир жолу ушул. Мен карьерамда эки жолу жеңилгем. Экөө тең жылдын мыкты беттеши аталган", - деген Гэтжи.
Хабиб Нурмагомедов менен Жастин Гэтжинин беттеши 24-октябрда өтөт. Эки мушкер тең алдыдагы беттешке кызуу даярданып жатышкан маалы.