Австралияда жумушсуздардын саны 1 миллиондон ашты

Австралияда жумушсуздардын саны 1 миллиондон ашты. Бул тууралуу өлкөнүн улуттук статистикалык бюросуна таянып, чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

"Июлда жумушсуз калгандардын саны 16 миң адамга өсүп, калктын 7 жарым пайызын түздү. Австралияда алгач калктын миллиондон ашыгы жумушсуз калган же активдүү түрдө жумуш издеген абал жаралды", - деп билдирген бюро башчысы.

Маалыматка ылайык, өлкөдө коронавирустун экинчи толкуну башталса, жумушсуздук азыркыдан да күчөөрү айтылууда. Австралиянын резервдик банкынын билдиргенине караганда, 2020-жылдын соңуна карата жумушсуздардын саны 10 пайыздан ашат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан