Американын Калифорния штатынын 23 жаштагы тургуну 88 килограммга арыктады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 23 жаштагы Таннен Ордунев бала кезинен бери ашыкча салмактан арылуунун ар кандай жолун издеп келген. Мектепти аяктагандан кийин ого бетер салмак кошкон.
"Менин салмагым 152 килограммга жетти. Бул жеткен чек эле. Досторум аз болгондуктан, күчүмдүн баарын тамактан чыгарып келгем. Мен кан басымдын көйгөйү менен жабыркагандыктан, 2017-жылы дарыгерлер мага жакында кант диабети менен жабыркай тургандыгымды айтты. Ошондо мен арыктоону чечтим дагы ашказаныма операция жасаттым. Жыйынтыгында 88 килограммга арыктадым", - деген ал.
Андан кийин ал өзүнүн эски сүрөтү менен жаңы сүрөтүн чыгарып, көпчүлүктү таң калтырган. Көпчүлүк 23 жаштагы кызды таанылгыс болуп өзгөргөнүн айтышкан.
"Мен эч качан мурдагы салмагыма кайтып баргым келбейт. Мурда ушунчалык ден соолугум начар жана бактысыз болчумун. Операция менин өмүрүмдү сактап калды! Азыр мен дени сак адаммын. Азыр болсо башкалардын арыктоосуна жардам бере алам, деп ишеничтүү айта алам. Башында баары кыйын", - деген Таннен.