"Лейпциг - Атлетико. Жарым финалга кайсы команда өтөт?". Бүгүн түндө Чемпиондор Лигасынын кезектеги чейрек финалдык беттеши орун алат

Бүгүн, 13-августтан 14-августка караган түнү ири мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасынын кезектеги чейрек финалдык беттештери орун алат. Коронавирус пандемиясынан улам оюндар мурдагыдай конокто жана үйдө эмес, бир эле өлкөдө, тагыраагы Португалияда өтөт. Оюн Бишкек убактысы боюнча 01:00дө башталат.

Испаниянын мыкты командаларынын бири болгон "Атлетико Мадрид" командасынын коргоочусу Шиме Врсалько жана чабуулчу Анхель Корреа бул оюнга катыша албайт. Испаниялык командага бул жоготуулар бир топ байкаларлык. Бирок аларда булардан башка дагы мыкты футболчулар бар. Диего Коста, Жоау Феликс, Альваро Мората, Ян Облак жана башкалар.

"Лейпциг" командасын алсак. Анда негизги оюнчулардын бири болуп келген Тимо Вернер башка командага өткөндүгүнө байланыштуу германиялык командага жардам бере албайт. Вернерсиз "Атлетико" командасынын коргоочуларынан өтүү бир топ түйшөлтөт. Бул команда үчүн чоң жоготуу экени талашсыз. Бирок, "Лейпциг" башка футболчуларына үмүт артат. Ошол эле Юссуф Поульсен, Дайо Упамекано, Марсел Забитцер жана башкалар.

"Лейпциг" (Германия) - "Атлетико Мадрид" (Испания), "Жозе Алваладе" стадиону (Лиссабон шаары, Португалия).

Башкы калыс: Шимон Марциняк (Польша).

Коронавирус пандемиясынан улам оюн көрүүчүлөрсүз өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
abusait
2020-08-13 22:27:20
Атлетико утатко..
-1
bayern-munchen
2020-08-14 19:45:26
abusait,уттубу Атлетикон
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан