АКШда коронавируска чалдыккан балдардын саны өстү

АКШда балдар арасында коронавирустун тарашы акыркы бир айдын ичинде 90 пайызга көбөйүп кетти. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 9-июлдан 6-августка чейинки маалыматтарды камтыган докладда мамлекетте 179 миң 990 бала коронавирус жуктурган. Жыйынтыгында балдардын саны 338 миң 982ге жетип, жалпы вирус жуктургандардын 8,8 пайызын түздү.

Ал эми вирус башталгандан бери АКШда 86 жаш бала көз жумган. Бул жалпы каза болгондордун 0,6 пайызын түзөт. Маалымат 44 штат жана Нью-Йорк шаарынан чогултулган.

Ошондой эле кабарда вирус жуктурган балдардын басымдуу бөлүгү илдетти жеңил формада же симптомсуз өткөргөнү кошумчаланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nurhan2702
2020-08-14 08:19:36
Журок тушургон макала го, кудай сактасын. Балдарыбыз оорубасын эч качан.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан