Беларустагы нааразычылык акциялары учурунда 100дөн ашуун күч органдарынын кызматкерлери жабыркады. Бул тууралуу өлкөнүн расмий маалыматтаргына таянуу менен чет элдик басылмалар жазышууда.
Жазылган маалыматка ылайык, митингге чыккандардын катары акырындык менен азайып баратат. Бирок тартип сакчыларына карата агрессия сакталууда. 9-13-август күндөрү жалпысынан 103 кызматкер жабыркап, 28и ооруканага жеткирилген.
Мындан тышкары өткөн суткаларда мыйзамсыз аракеттерге барды деген айып менен 700дөй жаран кармалган.
Эске салсак, Беларуста 9-август күнү өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митингге чыккан. Мындан ал массалык акцияга айланып кеткен. Акыркы маалыматтар боюнча, тургундар менен укук коргоо органдарынын ортосунда кагылышуудан 2 адам көз жумган. Мындан тышкары жүздөгөн адам кармалып, дагы бир канчасы медицина кызматкерлеринин жардамына муктаж болгон.
Белгилей кетсек 9-августта өткөн шайлоодо Беларусь өлкөсүнүн учурдагы президенти Александр Лукашенко шайлоонун жыйынтыгы боюнча 80,23 пайыз добушка ээ болуп, алдыга озуп чыккан.