Бишкек шаарындагы Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 5 жаштагы баланы издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"10-август күнү Патрис Лумумба көчөсүндөгү Чоң Чүй каналына 2015-жылы төрөлгөн бала чөгүп кеткен. Бүгүн, 13-августта издөө иштерин улантуу максатында саат 06:45те жалпы 26 куткаруучу тартылган. Кошумча маалымат берилет", - деп билдиришти министрликтен.
5 жаштагы бала тапичкесин алам деп сууга чөгүп кеткени белгилүү болду.