Президент Алмазбек Атамбаев Коргоо кеңешинин катчысын кабыл алды

Бүгүн, 16-сентябрда президент Алмазбек Атамбаев Коргоо кеңешинин катчысы Бейшенбай Жунусовду кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Жунусов мамлекет башчысына Орусиянын Сочи шаарында 23-сентябрда өтө турган ЖККУнун Коллективдүү коопсуздук кеңешинин саммитине болгон даярдык тууралуу айтып берди. Ошондой эле жолугушуу учурунда Коргоо кеңешинин отурумуна даярдыктар тууралуу маселелер талкууланды. Мындан сырткары республикадагы күч органдарынын ишмердүүлүгүн координациялоону жакшыртуу, өлкөдөгү коопсуздукту камсыз кылуу боюнча маселе каралды.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан