Жумгал РИИБинин кызматкери жергиликтүү тургундан кой талап кылган деп шектелүүдө

Жумгал РИИБинин кызматкери жергиликтүү тургундан кой талап кылган деп шектелүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин ички иликтөө кызматына А.Б. аттуу жаран кайрылып, мыйзамсыз ишкердик менен алектенүү фактысы боюнча өзү менен башка адамдарга карата кылмыш ишин токтотуу үчүн эки баш кой түрүндө пара талап кылып жаткан Жумгал РИИБинин кызматкерине карата чара көрүп берүүнү суранган.

Ошондой эле бир эки күн мурда кызматкерлер А.Б. аттуу жарандан жана башкалардан 10 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алышкан.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Ички иликтөө кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөөнүн жүрүшүндө, Жумгал РИИБинин аймактык ыйгарымдуу өкүлү кылмыш ишин токтотуу үчүн арыздануучудан эки баш кой талап кылгандыгы аныкталган. 12-август күнү ИИМдин жана Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы менен биргеликте милициянын лейтенанты Р.Ы. кармалган.

Учурда тергөө жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан