Жай мезгили дегенде эс алууну, саякаттоону, жер-жемиш, мөмө-жемиштерди анын ичинде дарбызды элестетебиз. Жайында базарга же дүкөнгө барганда дарбызсыз кайтпайбыз. Ошол биз сүйүп жеген дарбызды өстүрүүнүн түйшүгү, ырахаты, ошондой эле пандемиянын тийгизген таасири тууралуу Нарын облусунун тургуну, дыйкан Хамза Актаев айтып берет.
- Саламатсызбы Хамза мырза, иш илгери болсун. Түшүм кандай болуп жатат?
-Түшүм орто. Дарбыздын баасы 8-10 сомдон болуп жатат.
- Суук келген Нарын облусунда дарбыздын бышып жатканы баарына жаңылык болууда. Тобокелчиликке кантип бардыңыз.
- Нарындын Жумгал районунун Өрнөк айылында биринчилерден болуп иним экөөбүз дарбыз эгип көрдүк. Жумгалдын Өрнөк айылында гана дарбыз бышпаса, облустун башка эч жеринде бышпайт. Өзүм Чаек айылынан болом. Бирок 20 жылдан бери ушул жерге кызыгып жүргөм. Болбосо бул жер суу барбаган, тикенек баскан талаа болчу. Былтыр сыноо үчүн 30 сотых жерге айдап көргөнбүз. Байкап көрсөк жакшы болчудай. Быйыл 7 гектарга айдадык. Бирок өткөндө 1 жарым гектар дарбызды кыян жууп кетти.
- Дарбызды өстүрүү, аны багуу жолдорун кайдан үйрөндүнүз?
- Мурда айдап көрбөгөндөн кийин кыйынчылыктар көп болот экен. Башка жактагы дыйкандардан сурап, интернеттен көрүп өстүрүп жатабыз. Быйыл дарбызды өстүрүүнүн жолун жакшы үйрөндүк. Кийинки жылы мындан да жакшы болот, буюрса. Биз жада калса гектарына канча дарбыз аларыбызды да билбейбиз. Эми жакында баарын жыйнап бүтүп анан эсептейбиз.
- Дарбыз Нарын облусунда эле сатылып жатабы?
-Негизинен райондордон келип алып кетип жатышат. Өзүбүздүн базарга да чыгат дегендей. Азыр Бишкектен Орусияга алып кетебиз деп чала башташты.
- Дарбызыңыздын эң чоңу канча килограмм болуп жатат?
-Биздин дарбыз башка жактагылардыкына караганда даамдуу болорун байкадык. Себеби жер семиз дегендей. Бүгүнкү үзгөн дарбыздын эң чоңу 16 килограмм болду.
- Бул бизнести көргөн айылдыктар кызыгып жатабы?
-Негизи дарбыз өстүрүп жаткан жерге алма тигилген. Ал чоңойгончо деп дарбызды эккенбиз. Азыр бул ишкерликке кызыккандар көп. Бирок кеп акча коротуп жана анын кыйынчылыгына чыдоо. Ошондой эле айыл тургундары жерге акча салып, аны иштетип көргөн эмес да. Ошого бир аз түшүнүк жок. Ошондой эле көп убаракерчиликтер болот. Мисалы; карантиндин айынан 15 күн кеч баштадык. Мен Бишкекке үрөнгө барып келсем, карантинге алышып, 15 күн үйдө жаттым. Эми ошонун жыйынтыгын көрүп жатабыз. Нарындын эң ысык жери ушул Өрнөк айылы. Ошондуктан айыл эли кыдырата эле малина айдаш керек. Ошондо кардар көп келип, жакшы болмок. Кийинки жылы малина тигебиз деп пландап жатабыз. Себеби дарбызга жыл сайын эле кардар боло бербейт экен.
- Ачык айтсаңыз, дары колдондуңузбу?
-Негизи селитра колдонобуз. Бир гектарга 300-400 килограмм. Бул көп дегенди түшүндүрбөйт. Атайын кызматтар келип текшерип кетишкен. Биздикинен нормалдуу деген жыйынтыкты алышкан.
- Түшүмүңүз сарптаган акчаңызды актачудайбы?
- 7 гектар айдасак, 4 гектардан гана түшүм алып жатабыз. Калганын кыян алып кеткен. Анан дагы түшүм орто. Биз тууганыбыз экөөбүз башка бир туугандардан карызга акча алып айдаганбыз. Азыр эсебибиз боюнча кетирген акчабыздын жарымын актачудай болуп жатат.
- Түшүмүңүз мол болуп, маңдай териңиз акталсын!