"Сенсациялык оюн. Лейпциг жарым финалда." Чемпиондор Лигасынын чейрек финалдык оюнунун жыйынтыгы

Бүгүн, 14-август күнү түндө Чемпиондор Лигасынын чейрек финалынын кезектеги оюну өттү.

Чейрек финалдык Германиянын "Лейпциг" командасы менен Испаниянын "Атлетико Мадрид" командасы кез келди. Көпчүлүк футбол күйөрмандары бул оюнда испаниялык команданы фаворит атап келишкен. Бирок оюн тап такыр башка өңүттө уланды. Эки команда топко бирдей ээлик кылып, оюндун биринчи бөлүгүндө эсеп санын ача алышкан жок.

Оюндун экинчи бөлүгүндө "Лейпциг" командасы топко көбүрөөк ээлик кылып баштады. Германиялык клуб көп убакыт өтпөй эле эсеп санын ачканга жетишти. Өз дарбазасына гол өткөрүп алган "Атлетико" коргонууга басым жасап, ылдам каршы чабуулга чыгып жатышты. Оюн кайрадан эле бирдей ыргакта болуп, испаниялык клуб пенальтиден эсеп санын теңешти. Эки команда тең бирдей оюн эрежесин бузуп жатышты. Оюндун негизги убактысы бүтөрүнө саналуу мүнөттөр калганда "Лейпциг" командасы гол киргизип кетишти. Жыйынтыгында жалпы эсеп 2:1 болуп, германиялык клуб турнирдин жарым финалына жолдома алса, "Атлетико Мадрид" турнирдеги жүрүшүн токтотту.

"Лейпциг" - "Атлетико Мадрид" (2:1);

Голдор: Дани Ольмо (50-мүнөттө), Жоау Феликс (71-мүнөттө), Тейлор Адамс (88-мүнөттө).

Беттештин мыкты оюнчусу болуп "Лейпциг" командасынын коргоочусу Дайо Упамекано табылды.

"Лейпциг" - "Атлетико Мадрид"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Sancho-
2020-08-14 09:55:20
Фоворитт
0
Sancho-
2020-08-14 09:55:58
Барселона болот окшойт.
-1
bayern-munchen
2020-08-14 19:43:36
Sancho-,ха-ха Барсабы
0
kanybek1986
2020-08-14 10:29:28
Бавария или Ман сити фаворить
+2
bayern-munchen
2020-08-14 19:43:08
kanybek1986,мен дагы ошентип ойлоп жатамын
0
bayern-munchen
2020-08-14 19:44:57
Лейпциг оюнчулары Азамат тренер Нагелсманн гений
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан