Кечээ, 13-августта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 19 жаштагы жигит көлгө чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Ысык-Көл районунда 13-август күнү саат 15:58 чамасында Чолпон-Ата шаарында көлгө 2001-жылы туулган эркек киши чөгүп кеткен. Куткаруучулар маркумдун жансыз денесин суудан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти", - деп билдиришти ӨКМдан.