Ош жана Бишкекте террордук актыларды уюштурмакчы болгон топ кармалды
Кыргызстанда ШКУнун саммити алдында “Ислам жихадынын союзу” аттуу уюмдун террордук тобу кармалганын УКМКнын басма сөз кызматы
кабарлады. Бул топто Сирияда өкмөттүк күчтөргө каршы турган террордук топтун
мүчөлөрү, Кыргызстандын 2 жана Казакстандын 1 жараны бар. Иликтөөлөрдү
натыйжасында бул топ Сириядан Кыргызстанга Бишкек жана Ош шаарларында
террордук актыларды уюштуруу үчүн жиберилгени белгилүү болгонун билдирет УКМК. Факты боюнча кылмыш
иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Бул тигил Омуралиев айтып жаткан оппозициянын 3 планы эмеспи, ким билет, бирок баардыгы мумкун...
0
tynara81
2013-09-16 14:32:09
Алардын башка шериктери жок деп ким кепилдик берет. Тынччылык эле болсунчу.
0
Afrodita-12
2013-09-16 14:38:19
Мамлекетибизде тынччылык эле болсо экен, бийлик деп жан талашкандардын интригасы кучоп, кантип бийлике жетээрдин амалын издеген адамдар кылган иши менен элибизди жыргатабыз деп турабы. Бийликке келууну коздогондорго айтаар элем, озунордун сасык оюнунарга элди аралаштырбагыла, биринердин этинерди биринер жеп, элден айлангыла!!!
+1
Beka_89_kg
2013-09-17 04:31:10
тура айтасын биринин этин бири шашилик кылып жесин элге тийбей
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.