Бишкек шаарындагы Салиева көчөсүндө суусундук сатып отурган аялды унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга тарады.
Анда Honda CR-V унаасынын айдоочусу жол четине чыгып, суусундук сатуучу аялды сүзгөн. Жабырлануучу аялды "Тез жардам" кызматы келип алып кеткен.