Япониянын борбору Токио шаарында 2 күндүн ичинде ысыктан 14 адам каза болду. Алардын 8инин үйүндө кондиционер иштебей калган. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, ысыктан каза болгондор 50 жаштан 90 жашка чейинкилер. 2 аптанын ичинде Токио шаарында ысыктан жалпы 26 адам каза болгон.
Август айынын башынан бери бул өлкөдө абанын температурасы +37 градустан түшпөй келет. Синоптиктер жакынкы күндөрү абанын температурасы төмөндөбөй тургандыгын билдиришти. Алардын айтымында Япониянын чыгыш жана батыш тарабында абанын температурасы жогору болуп жатат.