Кадамжай районунда жубайларына зомбулук көрсөткөн деп эки жаран кармалды

Кадамжай районунда жубайларына зомбулук көрсөткөн эки жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 29-30-июль күндөрү Кадамжай районунда үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка эки жаран кабылган.

"29-июлда Кадамжай шаарынын тургуну балдар ойноочу аянтчада коомдук тартипти бузуп, мыйзамдуу никедеги аялын маданиятсыз сөздөр менен урушуп, денесине залал келтирген. Натыйжада жабырлануучу денесинен жараат алып, Кадамжай аймактык ооруканасына кайрылган. Ошондой эле жогорудагыдай факты 30-июлда Кадамжай районунун Халмион айыл аймагында дагы катталган. Анда Халмион айылынын 36 жаштагы тургуну мас абалында өз аялын сабап денесине залал келтирген.

Катталган эки окуя тең Кадамжай РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 75-беренесине ("үй-бүлөөдөгү зомбулук") ылайык катталып, сотко чейинки өндүрүштү баштаган. Жубайларына зомбулук көрсөткөн эки жаран тең Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 98-беренесинин негизинде Кадамжай РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, Кадамжай райондук соту тарабынын тергөө амалдары аяктаганга чейин, шектүүлөргө карата "Башка жака кетпөө" бөгөт коюу чарасы колдонулуп тил кат алынган.

Окуя боюнча жабыр тарткан эки жаранга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
-BOSS-
2020-08-14 13:19:00
Аялың сенин аманатың. Аманатка кылба кыянат!
+8
Arstan18.18
2020-08-14 16:50:01
Силер кантип эркексинер? Биринчи озунорду башкара албасанар?! Кантип аял алып буйло мучосу болосунар? Аялынарга жакшы соз мн айталбасынарбы жеткирем албайсынарбы?!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан