Оштун "Алай" футболдук клубу катарына ганалык футболчуну кошту

Оштун белгилүү "Алай" футболдук клубу ганалык 28 жаштагы футболчу Лоуренс Тавиа менен келишим түздү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына клубдун басма сөз кызматкери Марат уулу Нуристан билдирди.

"Лоуренс Тавиа менен келишим 2021-жылга чейин түзүлдү. Ал клубда 27-номерде ойнойт. Футболчу буга чейин бишкектик "Алга" клубунда ойноп келген. Тавиа 16-август күнү Кыргыз Премьер-Лигасында "Каганат" клубу менен боло турган оюндагы футболчулардын тизмесине киргизилет", - деди ал.

"Алай" клубунда мындан тышкары дагы 2 легионер оюнчу бар. Алар Жоэль Кожо жана Келвин Инкум. Бул эки футболчу тең көзгө толумдуу оюну менен "Алай" клубунун катарында ийгиликтерди жаратып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
NURSAPAR
2020-08-14 18:03:02
Ооой канчага алдыңар???
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан