Каракол суусуна чөгүп кеткен эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 13-август күнү Каракол капчыгайында 1987-жылы туулган эркек киши Каракол суусуна чөгүп кеткен.
Бүгүн, 14-август күнү издөө иштеринде ӨКМнын жалпы 30 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 20 киши тартылып, саат 13:07де куткаруучулар тарабынан табылып ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.