Ливандын президенти Бейруттагы жарылуунун чыгымын 15 миллиард долларга баалады

4-август күнү кечинде Ливандын борбору Бейрут шаарындагы портто 2 миң 750 тонна аммиак селитрасы жарылып, 15 миллиард доллардан ашык зыян келтирилген. Мындай баа Ливандын президенти Мишель Аун тарабынан берилгендигин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Ливандын мамлекет башчысы Германиянын тышкы иштер министри Хайко Маас менен жолугушууда, кырсыкка байланыштуу зарыл реформаларды жүргүзүү, коррупция менен күрөшүү, ошондой эле кылмыш иши боюнча тергөө жүрүп жатканын билдирди.

Европа биримдиги буга чейин Бейрутка 17 тоннадан ашык гуманитардык жардам жөнөткөн. Дары-дармектер, медициналык шаймандар жана башка буюмдар 13-августта эртең менен Ливандын борборуна келип түштү.

Бейрут портунун кампаларынын бириндеги жарылуудан кеминде 171 адам каза болуп, 6 миңге жакын жарандар жаракат алганы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан