Беларустагы президенттик шайлоо кайрадан өткөрүлүп, ал ачык жана чет элдик байкоочулардын катышуусу менен өтүшү керек. Мындай пикирин Чехиянын премьер-министри Андрей Бабиш билдиргендигин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Беларусь өлкөсүндө кырдаал чындап эле олуттуу. Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецкий менен макулдашуу боюнча, мен Европа Кеңешинин мүчөлөрүнүн видеоконференциясын тез арада өткөрүүнү сунуш кылдым. Биз күтө албайбыз, Беларустарга тезинен жардам бериш керек", - деп жазган Бабиш өзүнүн Твиттердеги баракчасына.
Эскерте кетсек шайлоодон кийин, 10-августта Германия, Литва, Латвия, Чехия Беларустагы шайлоону демократиясыз деп аташкан. Ошол себептүү Беларустун жетекчилигин массалык нааразычылык акциясынын катышуучуларына каршы күч колдонбоого үндөшкөн. Ал эми Польша Беларусь өлкөсүндөгү окуяларга байланыштуу Евробиримдиктин чукул саммитин өткөрүүнү демилгелеген.