Тармактык комитет бийик тоолуу жана барууга кыйын аймактарда жайгашкан айылдардын тизмесин кайра тактоого жөнөттү
Бүгүн, 16-сентябрда ЖКнын Агрардык саясат, суу
ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында “КРнын
бийик тоолуу жана алыскы, барууга кыйын аймактарда жайгашкан калктуу
конуштарынын тизмегин бекитүү жөнүндө” өкмөттүн токтом долбоору каралды. Бул
тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. Аталган токтом долбоорунда бийик
тоолуу жана алыскы, жетүүгө кыйын зоналарда жайгашкан калктуу конуштардын
тизмесин бекитүү жана калктуу конуштун деңиз деңгээлинен канчалык бийиктикте
жайгашкандыгын аныктоодо орточо белгиси алына тургандыгын белгилөө сунушталган.
Талкууда комитет мүчөлөрү сунушталган тизмеде ар бир айылдын деңиз деңгээлинен
жогору турган бийиктиги, алыскы, жетүүгө кыйын аймактарды аныктоонун критерийлери
көрсөтүлбөгөндүгүн, айрым айылдардын аттары туура эмес жана эски аттары менен
тизмеге камтылганын айтып, тизмени, тизмеге киргизүүнүн критерийлерин кайра
тактоого жиберишти.