Жүрөк толкуйт. Чет элдик жаран электрондук комуз менен Кыргыз күүсүн чертти (видео)

Чет өлкөлүк жаран өзү электрондук комуз жасап, аны менен Кыргыз күүсүн черткен. Видео "Peace Corp" (Тынчтык Корпусу) баракчасына жарыяланды.

Комузда кол ойнотуп жаткан Но Бретчер гитарада ойнойт жана комузга аябай кызыгат.

"Мен гитарада ойногонду жакшы көрөм. Мындан улам электрондук комузда дагы ойноп көрүүгө кызыгуум күчөп, анда кол ойнотууга аракет кылгым келди. Музыкалык аспапты жасоодо Түндүк Калифорнияда өскөн даракты пайдаландым. Бул комузда черте алганым Кыргыз өлкөсү менен байланышты чыңдоого мүмкүндүк берет", - деген чет элдик жаран.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
algakaray
2020-08-15 11:26:21
Видео ачылбай атат го
+4
Kudi
2020-08-15 13:06:14
тогуз кайрыкты маш ботойду чертип көрүш керек экен
+4
Kyrgyzstan-92
2020-08-15 13:48:47
Молодец
+2
aerforce
2020-08-15 14:44:51
Комуз подарка кылып койгула эми
+3
Munarbek98
2020-08-15 16:00:15
Мен көп ойлончумун электрокомуз жасаса болбойт бекен деп. Мынакей болот экен го )))
+3
suban78
2020-08-15 16:17:25
Комузу крутой комуз бопкетиптирго
+3
Shef87
2020-08-15 20:12:46
Өзүбүздүн өрүк комузга жетпейт экен зыңңң деп жанырып
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан