Ал клубдун жетекчилигине нааразы. Месси "Барселонадан" кетээрин жар салды

Испаниялык "Барселонанын" чабуулчусу, аргентиналык Лионель Месси каталондук клуб УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын чейрек финалында мелдештен четтегенден кийин командадан кетүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат булактары жазып жатышат.

Мюнхендик "Бавария" "Барселона" клубун 8:2 эсебинде утуп, Чемпиондор Лигасынын жарым финалына чыккан.

"Немецтик клубдан мындай эсеп менен жеңилүү Мессинин карьерасында эң ири бурулуш болду. 33 жаштагы футболчу клубдун жетекчилигинин ишине канааттанбай келген. Мындан сырткары Месси "Барселона" менен түзүлгөн келишими аяктаганда кете алат. Келишим 2021-жылы аягына чыгат", - деп айтылат маалымат булактарында.

Аргентиналык футболчу "Барселона" командасында ойноп келет. Клуб менен ал 10 ирет чемпиондук наамды, 6 жолу Испания кубогун, 4 жолу Чемпиондор Лигасы мелдешин уткан. Чабуулчу каталондук клубдун катарында расмий беттештерде 634 гол киргизген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Argen9899
2020-08-15 18:18:04
Ситиге отсо
+2
Sancho-
2020-08-15 18:26:11
Ювентус ка отсо
+2
hbbtv
2020-08-15 19:02:10
Internasional
-3
Islam98
2020-08-15 19:29:01
Интер Миланга отсо Роналду быйыл дагы Ювентус клубунда калса,кызыктын баары ошондо башталат.Лалиганын авторитети томондоп серия а-ныкы которулот.Криш менен Лео Месси кайрадан Бир чемпионата!
+9
Kylychisa
2020-08-15 19:57:18
Ак шумкарга отсо болот эле)))
+3
Reebok-citi
2020-08-15 20:11:45
Дордойго өтөт экен
+4
Jaran94
2020-08-15 22:48:04
Ар жылы угабыз мындай созуну.
+6
mariolan
2020-08-15 23:11:05
коркок барыбир кетпейт барсадан
+4
Tyty1990
2020-08-16 09:17:57
Жаман катын кетем деп коркутат
+3
bayern-munchen
2020-08-16 12:52:36
Tyty1990,туура качан болсо ошентет бирок кетпейт
+1
bond02
2020-08-16 11:47:23
Ошентип коркутуп коет да.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан