17-августтан тарта Ош шаарында иштеп жаткан түнкү стационарлар эми күндүзү гана иштейт. Бул тууралууу SUPER.KG порталына Ош шаардык мэриясынын маалымат катчысы Азамат Абсатаров билдирди.
Анын айтымында, шаарда түндө ооруп, стационарга кайрылган бейтаптардын саны кескин азайган. Мындан улам алар түнкү стационарларды жабууну чечишкен.
"Ошто 5 стационар иштеп жаткан. Мындан 5 күн мурда "Навои" стационары жабылган. Андан сырткары 4 стационар күнү-түнү иштеп жаткан. Бейтаптардын кайрылуулары кескин түрдө азайганына байланыштуу түнкүсүн иштеген стационарлар күндүзү гана иштей турган болду", - деди Абсатаров.