Бүгүн, 16-августта Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев жана Башкортостан Республикасынын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Евгений Кустов маалымат жыйын беришти. Анда Орусиядан келген медицина кызматкерлери кандай иштегени тууралуу топтун жетекчиси айтып берди.
Анын айтымында, медкызматкерлер бул арада 4 миңден ашуун адам менен иш алып барып, 564 бейтап оорукадан айыгып чыгарылган. Инвазивдик аппаратка 20 адам которулса, 17 адам бул аппараттан чыгарылган. Ал эми, ИВЛ аппаратынан 5 адам чыгарылган.
"23-июлдан баштап биз республика боюнча 31 медициналык мекемеде иш алып бардык. Эпидемияга каршы иш-чараларды уюштурууну жана жакшыртууну жүргүздүк. Дарыгерлер биргелешип "кызыл зоналарда" бейтаптарды дарылап жатышты. Андан сырткары тажрыйба алмашуу боюнча иштер жүргүзүлдү", - деп билдирди Евгений Кустов.