Аптаптуу жайдын бүтүшүнө саналуу күндөр калды. Жай дегенде эле эске түшкөн Ысык-Көлгө келген эс алуучулар быйыл чынында аз болду. Ал эми сырттан келген эс алуучулар дээрлик болгон жок. Эс алуучулар аз болгонуна карабай тазалык маселеси облуста олуттуу көйгөй боюнча калууда. Мындан улам SUPER.KG порталы жарандардын пикирин укту.
Журналист Сымбат Максүтова: "МАДАНИЯТТУУ ЭС АЛУУНУ КОЛГО АЛА АЛБАЙ ЖАТАБЫЗ"
- Азыркы тапта Бостери менен Чолпон-Ата эс алуучуларга толду. Ушул аптада эл абдан көп келди. Чет өлкөлүк жарандар пандемияга байланыштуу көлгө келбей калышты, көбүнчө жергиликтүүлөр келип жатат. Бирок ага карабай, ички туризм бир аз кыймылдап, Ош, Талас, Нарындан туристтер келүүдө. Өкүндүргөнү - эс алууга келгендерден тартип, тазалыкты көрбөй жатам. Кечээ күнү эле Чолпон-Атанын шаардык пляжына барайын деп көлдүн жээги менен бара жатып, ар туш тарапка ыргытылган таштандыларды көрдүм. Өзүбүздү өзүбүз билебиз деген мамиле болуп жатабы деген да ой келди.
Айта кетким келет, биз маданияттуу эс алууну толук колго ала албай жатабыз. Муну өз көзүм менен көп жылдардан бери көрүп, билип келе жатам. Менин буга чейин айтканым бир аз болсо дагы дал келди. Ооба, баарыбыз эле пандемия дүйнөлүк коогалаң болот деп күткөн эмес элек. Эч нерсе боло элек, вирус жок кезде эле өкмөткө сунуш айтып келе жатам. Быйыл дүйнө жүзү тааныган Ысык-Көлдү чет өлкөлүктөр келбегенине байланыштуу жайында пайдаланып, бюджеттен акча бөлүп таштандыларды чыгарып алышыбыз керек эле. Бул тууралуу сунушту өкмөткө көп жолу айтып келдим. Албетте буга бийликтин кийлигишүүсү, ал тараптан иш аракет керек. Анткени ага жөнөкөй адам барып таштанды чыгара албайт.
Көлдүн тереңдиги 750 метрге чейин, пароходдордун баруу мүмкүнчүлү 250 метр тереңдикке чейин, анан кайра артка келет. Ошол 250 метрден берки тарабы чирип кетпеген Кытайдын жасалма торлоруна бүт толгон. Ооба, көл мелмилдеп, сыртынан таза көрүнө берет. Бирок ичинде канча жылдык таштандылар жатат. Суунун түбүндө торлор жатат. Аларды албаса 5 жүз жылга чейин тура бериши мүмкүн. Ары-бери өткөн балыктар дагы торлорго илинип калып чирип, көлдү булгап жатат.
Былтыр Казакстандын бир чоң чиновниги келип, көлдү сынап көрөйүн деди окшойт скутерди алып кадимкидей эле көлдүн ортосуна чейин сүзүп кетип калган. Ал балким көлдүн кудурет-күчүн көрөйүн дегендир. Ал бара жаткан скутер биздин көз алдыбызда эле чөгүп кеткен. Өзү сууда жакшы сүзгөн адам болгондуктан, сүзүп Жети-Өгүз жактан чыккан.
А биздин чоң депутаттар "мен көлдү мынтип сүзүп чыктым" деп мактанып жатышпайбы, ал эми жанагы скутер чөгүп кетти да. Бул былтыркы көргөн бир эле мисал. Элестетели көлдүн ичинде ушул сыяктуу канча скутер, кайык, теплоход дагы башка түрдүү калдыктар чөгүп жатат. Булардын баары көлгө зыян. Биздин аска зоолуу тоолорубузда канча жылдан бери жаткан адамдардын сөөктөрү сыяктуу суунун түбүндө да маркумдардын сөөктөрү жатат. Көлгө түшүп, чөгүп, табылай калган адамдардын сөөктөрүн балыктар жеп кетет. Кайык, скутерлерди техника менен чыгарыш керек, канча жыгачтар чирип жатат. Ал эми желим баштыктарды айтпай эле коёлу. Ошон үчүн быйыл көл эс алса, мораторий жүргүзсөк, көлдүн ичин, сыртын тазаласак деп айтып жаткамын. Чын эле быйыл чет өлкөлүктөр келбей, көл бир аз эс алып жатат. Бул убакыт аралыгында көлдү тазалап алышыбыз керек эле. Мындан ары эс алууга келген адамдар өз жоопкерчилиги менен берметибизге аяр мамиле жасоосу керек.
Тоң районунун жашоочусу Үмүт Кудайберген: "АР БИР АДАМ КӨЛГӨ АЯР МАМИЛЕ ЖАСАП, КӨЛГӨ ТАШТАНДЫ ТАШТАБАСА..."
- Таштанды көйгөйү бир эле биздин Тоң жергесинде эмес, бүткүл Ысык-Көлдө болуп жаткан көйгөй. Ал жакта эс алып жүргөндө өз көзүм менен аябай жагымсыз көрүнүштөргө күбө болдум. Былтыр Тоң жериндеги көрүнүш сонун болчу, дааратканалар дагы жайында эле. Угушумча ал жакты ар ким тагыраагы, ошол жерди ижарага алган адамдар тазалап турчу экен. Быйыл пандемияга байланыштуу алардын иштөөсүнө уруксат берилбей калыптыр. Ал жакта ишембиликти айыл өкмөт жасап келе жатышканын айтышты. Бирок ошол учурда эс алуучулар көп болуп, таштанды чыгарганга жетишпей калышкан. Мен ал жактагы абалды чагылдырган сүрөттөр менен бөлүшкөндөн кийин, абал мурункуга салыштырмалуу бир аз өзгөрдү. Бирок негизги күнөөкөр деп, бул жакка келген эс алуучуларды айттат элем. Себеби ар бир эс алуучу көлдү ойлосо, өзү менен кошо таштанды таштабаса, айланабыз таптаза болмок.
- Бул нерсе өтө деле татаал эмес, ар бир кишинин аң сезими жана жоопкерчиликтүү мамилеси керек. Тилекке каршы андай болбой жатат. Эс алуучулар таштанды таштап, кайдыгер мамиле кылып жатышканын өз көзүм менен көрдүм. Өзүм да көлдүн жээгинде жаткан тамекинин калдыктарын колума баштык кийип алып тазалап чыктым. Ошондо адамдарга таң калдым. Анткени мен жаңы эле таштандыны терип кетсем, көл жээгинде болжол менен 70 жаштагы абышка отурган экен, менин артыман эле алча жеп туруп анын калдыктарын таштап кетип жатат. Анан чыдабай атага "Ата, уят эмеспи, мен терип кетсем, кайра сиз булгап кетип жатасыз" деп айттым. Ал мени абдан жаман көрүп, каргаганга чейин барды.
Сунушум, эс алууга келгендерге көл жээгине тамак бышырууга тыюу салыш керек. Анткени ал жакка барып эс алуучулар тамак жасап, анын калдыктарын ошол боюнча калтырышат. Негизи мыйзамдуу түрдө аларга айып пул салган туура. Болбосо бизге андан башка нерсе иштебейт экен. Анан ал жерди көзөмөлдөгөнгө штат ачабы, көзөмөлгө бир киши керек жана ал адамга айлык дагы төлөнүшү шарт.
Алып баруучу Назира Айтбекова: "КӨЛ КӨЛДҮКТӨРДҮКҮ ЭМЕС, КӨЛ КЫРГЫЗДАРДЫКЫ"
- Эс алуучуларга маданияттуу эс алууну үйрөтө аларыбыз тууралуу биздин өзүбүздө маданият болуш керек болуп жатат. Тээ арткылыгыбызда, түпкүлүгүбүздө ошону түшүнгөн адам болбой жатат жана түшүнбөй жатабыз. Маданият, этика эмнеге керек экенин. Муну кичине кезибизден ар бирибиз балдарыбызды тарбиялаганда, балдардан мурун өзүбүздү тарбиялаганда акыр-чикир ыргытпоо, мекениңди сүйүү деген нерселерди үйрөтүш керек болуп жатат. Мисалы, көлдө пляжда айыл өкмөтү болобу же пансионаттын жетекчиси болобу ошолорду тыкыр карашса, абдан жакшы болмок.
Былтыр биз "Көлүбүздү таза сактайлы" акциясын уюштурганбыз, Балыкчынын, Тоңдун пляждарын тазалаганбыз. Анан Дөөлөт Сыдыков, Ырыс Окенова болуп конференция өткөрүп, ал жактан ажатканалардын салынышы жана ажатканадан сырткары акыр-чикир салуучу чакалар болуусу, аны көзөмөлгө алып туруу керектиги боюнча сунуштаганбыз. Бирок тилекке каршы муну азыркы тапта бир дагы айыл өкмөтү же пансинот ээлери жакшы көзөмөлгө албай жатат.
Ажатканалар абдан сасып, акыр-чикир толуп, каралбай калган учурлар көп. Анан таштанды салуучу чакалар аябай көбөйүп кетип сыртына чейин ташып кеткен учурлар бар. Мындан улам таштандыны элдер жерге ыргыта баштайт. Мына ошону өз учурунда, өз убагында тыпырайтып тазалап, атайын көзөмөлгө алып, таза сактап, турса эле эл көнүп кетмек. Мисалы, чет өлкөлүктөр таштанды ыргытпайт, алар тескерисинче баарын жыйнап кетип жатышат. Буга биз уят болуп калып жатабыз.
Мисалы, көлдүн жергиликтүү адамдары өзүнүн турган жайын дайыма тазалап турушат экен. Көлдүн тургундары "Назира эже, сырттан келгендер акыр-чикир кылып кетип жатышат, биз тазалаганга мажбур болуп жатабыз" деп мага жазып жатышат. Бул жаатта чын эле кыйналып жатабыз. Башка аймактыктар келип, кайдыгер мамиле жасап жатканы абдан өкүндүрөт. Аларды көлдү таза сактоого үндөйт элем. Көл сыймыгыбыз, көл көлдүктөрдүкү деген мамиле туура эмес. Биз ошону так, даана билип алсак жакшы болот эле. Аймак аймак болуп бөлүнүп алып эле бири-бирибизге кыйын боло беребиз. Көл көлдүктөрдүкү эмес, көл жалпы кыргыздардыкы, ушуну билип алсак.