Ысык-Көлдө баӊгизат менен уюшкан кылмыштуу топтун 23 жаштагы мүчөсү кармалды

Ысык-Көлдө баӊгизат менен уюшкан кылмыштуу топтун 23 жаштагы мүчөсү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Ысык-Көл ОИИБинин криминалдык милиция кызматы уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлерине Чолпон-Ата шаарында Нуке аттуу адам өз үйүндө мыйзамсыз баӊги затын сактап жүрөт деген маалымат түшөт. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, мыйзамсыз баӊги затын сактаган адамдын аты-жөнү аныкталып, ал ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары турган, Чолпон-Ата шаарынын 23 жаштагы Э.Э. аттуу жараны болгон.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында шектүү адамдын үйүндө тинтүү иштери жүргүзүлгөндө, целлофан баштыктын ичинде салмагы 295 граммды түзгөн күрөӊ-жашыл түстөгү зат табылган. Соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгы, алынган зат марихуана экени аныктаган. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан