Бостери айылында 29 жаштагы киши көлгө чөгүп кетти

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Бостери айылында 29 жаштагы эркек адам көлгө чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Ысык-Көл районунда 16-август күнү Бостери айылында жайгашкан "Золотые пески" пансионатында 1991-жылы туулган жаран көлгө чөгүп кеткен.

Издөө иштерин жүргүзүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин №31 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылган. 17-август күнү издөө иштери улантылат", - деп билдиришти ӨКМдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан