Өлкөбүздөгү жаш түгөйлөр "КМШнын эң мыкты студенттери" аталышты

Эл аралык деңгээлдеги "КМШнын эң мыкты студенти" сынагында жаш түгөйлөр Жакшылык Бекназаров жана келинчеги Анжелика Акылбекова жеңүүчү деп табылды. SUPER.KG порталы жаш түгөйлөрдү ийгилиги менен куттуктап аларга байланышканда, төмөндөгүдөй кубанычтуу сезимдери менен бөлүштү.

"Бизди ушул деңгээлге жеткирген ата-энебизге, ар дайым колдоп, коштоп турган туугандарыбызга, ошондой эле бизди мектеп кезибизден баштап "А" тамгасын тааныткан, учурда университетте билим берип жаткан мугалимдерибизге терең ыраазычылык билдиребиз", - дешти.

Жакшылык Бекназаров Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетинин 3-курсунун студенти. Анжелика Акылбекова Муратбек Рыскулов атындагы Экономика жана сервис колледжин быйыл аяктады.

"КМШнын эң мыкты студенти" аталышындагы сынак жыл сайын өткөрүлүп турат. Сынактын максаты - КМШдагы эң мыкты студенттерди аныктоо.

Аталган сынакка Өзбекстан, Казакстан, Беларусь, Орусия жана Кыргыз өлкөсүнүн мыкты студенттери катышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан