Бүгүн, 17-август күнү түндө Европа Лигасынын жарым финалынын алгачкы оюну өттү. Бул мелдештин оюндары коронавирус пандемиясынан улам бир эле өлкөдө, тагыраагы Германияда өтүүдө.
Жарым финалдык беттеште Испаниянын "Севилья" клубу менен Англиянын "Манчестер Юнайтед" клубу кез келди. Оюнду эки команда тең бирдей ыргакта баштап, кези келгенде чабуулга чыгып жатышты. Аз убакыт өтпөй эле англиялык клуб эсеп санын ачканга жетишти. Көп өтпөй эле испаниялык клуб эсеп санын теңеп, оюндун биринчи бөлүгү 1:1 эсебинде аяктады.
Оюндун экинчи бөлүгү англиялык клубдун басымы менен башталды. Ушул жерден "Севилья" клубунун дарбазачысы Яссин Буну жөнүндө айта кетпесек болбойт. Ал каршылаштарынын бир нече кубаттуу соккуларынын мизин кайтара алды. "Севилья" коргонуу менен оюн алып барып жатып, дагы бир гол киргизгенге жетишти. "Манчестер Юнайтед" оюндун аягына чейин өжөр ойногону менен эсеп санын теңей алган жок. Жыйынтыгында "Севилья" командасы мелдештин финалына жолдомо алды.
"Севилья" - "Манчестер Юнайтед" 2:1;
Голдор: Бруну Фернандеш (9-мүнөттө), Сусо (26-мүнөттө), Люк де Йонг (78-мүнөттө).