Рак менен күрөшүүдө жардам берүүчү өзгөчө өсүмдүктүн табылганы айтылууда

Шишиктердин өсүшүн жайлатуучу, тамак сиңирүү системин жакшыртып, сөөктү бекемдей турган өзгөчө өсүмдүк табылды. Ал "декоративдүү мандарин" жана "алтын апельсин" деп аталган кумкват өсүмдүгү. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Жазылган маалыматка караганда, алгач бул өсүмдүктөрдү сасык тумоодо жана суук тийүүдө колдонуу зарыл экендигин изилдөөнүн автору белгилеп өткөн.

Мындан сырткары ашказан жана ичегинин иштөөсүн жакшыртып, анорексияга (адамдын аппетити жоголгондо) кабылып, адамдын көңүлү айнып, күптү болгон учурда жардам берерин кошумчалаган.

Кумкваттын негизги функцияларынын бири залалдуу шишик дартынын өрчүшүн ооздуктай алгандыгы. Ошондой эле анын курамында кальций көп болгондуктан, сөөктү бекемдөө кызматын да аткарат.

Изилдөөнүн автору кумкваттын кабыгы менен кошо колдонуу керектигин кошумчалаган. Андан кыям, мармелад жасап, чайга кошуп ичүүнү же десертке салат жасоону сунуштаган.

Аталган өсүмдүк Кытайда, Японияда, Кара деңиз жээгинде, Кавказда, Сочиде, Ялта районунда жана Абхазияда өсөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Tymar
2020-08-17 12:44:39
Жараткан Тенирим озу колдоп, дайыма тынчтык болуп турсун.
-3
AdylbekB84
2020-08-17 13:32:32
Ашказанында жана ичегисинде жарасы барлар жесе болбойт экенда, кечээ окудум эле интернеттен!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан