15-августтан 16-августка чейин Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Аманкулов Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Кыргыз өлкөсүнүн курама командаларынын окуу-машыгуу жыйындарын, ошондой эле машыгуу өтүп жаткан жерлерде санитардык эрежелердин жана ченемдердин аткарылышын текшерип келди.
Ведомствонун директору Кажы-Сай айылында жөө күлүктөр менен, Тамга айылында мушкерлер менен, ал эми Чолпон-Ата шаарында дзюдо жана күрөштүн түрлөрү боюнча улуттук курама командалардын мүчөлөрү менен жолукту.
"Карантин учурунда сиздер мыкты иш алып бардыңыздар, убагында өз алдынча машыгуу планын аткарып, өзүн-өзү изоляциялоо режимин бузбай кармандыңыздар. Эми машыгууну улантып, алдыдагы чоң старттарга даярдануу керек. Биз үчүн физикалык гана даярдыкка көңүл буруу маанилүү болбостон, өзүбүздү жаңы жеңиштерге шыктандыруу да чоң мааниге ээ", – деп спортчуларга кайрылды Канат Аманкулов.
Мындан тышкары Канат Аманкулов Каракол шаарынын ат майданында болуп, металлдык конструкцияларды өткөрүп берүү иштерин көзөмөлгө алды.